Top videos
«Почувствуй ритм Кыргызстана» Кыргызстан – страна райских гор, девственной природы, кочевого образа жизни и богатой культуры. В видео-сериале «Почувствуй ритм Кыргызстана», который состоит из 4-х частей, мы хотим показать все красоты нашей страны через красивый танец гор и полей, чтобы вы могли почувствовать волшебный ритм Кыргызстана. Часть I. Направления: Чункурчак, Ала-Арча, площадь Ала-Тоо, Исторический музей, Маковое поле, аэропорт Манас ............ кочевого образа жизни и богатой культуры. В сериале видео "Почувствуй ритм Кыргызстана", который состоит из 4-х частей, мы хотим показать все красоты нашей страны через красивый танец гор и полей, чтобы вы ощутили волшебный мир я часть. Направления: Чункурчак, Ала-Арча, Площадь "Ала-Тоо", Исторический музей, Маковое поле, Аэропорт "Манас"
Аранжировщик: Бакыт Кемелев Музыка Серены / @Andrei Banuta - Mon Ami (RaTaTa) Хореограф: Эрмерк Керимбаев KF Dance Группа : Ермек, Алтынай, Акмарал, Алихан, Ширин,Бакыт
Режиссер: Эдиль Бузурманкулов
Your Kyrgyz Travel Friends - kyrgyzfriends
Homepage: www.kyrgyzfriends.com
E-mail: kyrgyzfriends@gmail.com
What's app: +996 700 202 050
Instagram - https://www.instagram.com/kyrgyzfriends/
FaceBook - https://www.facebook.com/kyrgyzfriends
#kyrgyzstan, #kyrgyztravel, #centralasia, #nomadiclife, #ecotour, #travel, #tour, #키르기스스탄, #키르기즈스탄, #키르기스스탄여행, #키르기즈스탄여행, #중앙아시아, #koica, #키르기스프렌즈, #키르기즈프렌즈, #kyrgyzfriends
1938-жылдын 5-ноябрь күнү. Фрунзе шаары. НКВДнын сурак бөлмөсүнө 18 айдан бери абакта отурган жана азып кеткен орто жаштагы кишини алып киришет. Орус тергөөчү көнгөн адатына ылайык папкесин ачып, баягы эле тажатма жана кайталанма суроолорун бере баштайт. Түрмөдө жатканы менен сынбаган жана көзүнөн от жанган айыпталуучу ар бир суроого ызырына жооп берет. Тергөөчү акырында: “Англиянын шпиону экендигиңди жана Советтик түзүмгө каршы иштегендигиңи мойнуңа аласыңбы?” деп такайт. Бирок кан Манастын урпагы: “Акыйкат барбы же аны да атып өлтүрдүңөрбү? Кезегинде кызматта отуруп ,силердей шүмшүктөрдү байкабай калганыма өкүнөм” деген соң, дароо ордунан туруп, отургуч менен тергөөчүнүн башына чаап жиберет. Сырттагы сакчылар ошол замат бөлмөгө кирип, мылтык менен айыпталуучуну атып салышат. Дал ошол мүнөттөрдө НКВДнын башка имаратында анын бир тууган иниси уктап жаткан жерден ойгонуп кетет. Жанындагыларга: “Эмнегедир жүрөгүм тынч эмес. Түшүм жаман! Авама бир нерсе болгонго” деп кайгырат. Ошол эле түнү большевиктер аны да атып салышкан. Эки бир тууган бири-биринин абалынан кабарсыз, бир күндө шейит болуп кете берген. Көп өтпөй алардын артынан эл душманы деп аталган Абдыкерим Сыдык уулу, Иманалы Айдарбек уулу, Касым Тыныстан уулу, Төрөкул Айтмат уулу, Абдыкадыр Орозбек уулу жана башка жүздөгөн кыргыздын чыгаан уулдары атылып, Чоң-Таш айылындагы кыш чыгаруучу заводтун мешине ыргытылып, көмүлгөн. Советтик пропаганда аларды канчалык каралабасын, алардын элесин элдин жүрөгүнөн өчүрө алган эмес. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, эгемендүүлүктүн шарапаты менен советтик режимдин дагы бир кандуу жоругу ачыкка чыккан. Дал ошол 137 шейиттердин эң биринчиси болгон ал эки бир тууган ким эле?!
Элибиз өзүнүн көп жылдык тарыхында “жылдызы жанган учурларды” да, кан жуткурган оор күндөрдү да башынан өткөрдү. Кыргыз элинин тарыхындагы эң оор, кандуу жана эң аянычтуу учурлардын бири катары 1916-жылы болуп өткөн көтөрүлүштү айта кетсек болот. Колониалдык ак падыша башында турган Орусия режимине каршы чыккан бул көтөрүлүш өз максатына жете алган эмес. Сан жагынан бир кыйла аз, өтө жөнөкөй курал-жарак менен жабдыктанган эл, дүйнөлүк империя деп эсептелинген, саясий жана экономикалык жактан бир канча алдыга озунуп өнүккөн, аскер күчтөрү мыкты куралданган жана бир нече кылымдар бою согушуп, согуштук тактикаларды жакшы өздөштүргөн, ар кандай согуштук кырдаалдарга жедеп бышып калган чоң күч менен болгон кармашта бул көтөрүлүштүн максатына жетүүсү мүмкүн эмес эле. Көтөрүлгөн элди басуу үчүн жөнөтүлгөн жазалоочу отряд кыймылга катышкандардын көбүн кырып, кырылгандан калганы Кытайга качып барып, баш калкалоого аргасыз болгон. Бул кандуу окуя кыргыз элинин тарыхый эс-тутумунда “Үркүн” деген ат менен белгилүү. Бир кылымдан ашык убакыт өтсө да ушул күнгө чейин тарыхчылар тарабынан 1916-жылкы көтөрүлүшкө адилеттүү баа бериле элек. Айрымдар бул окуяны бунт, козголоң катары баалашса, кээ бир тарыхчылар бул окуяга улуттук-боштондук күрөш макамын берип келишет. Күнү келип бир канчалаган бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кеткен бул кандуу окуяга акыры татыктуу баа берилет деген терең ишеничтебиз.
дощш
АБДЫКЕРИМ СЫДЫК УУЛУ 4 ЖОЛУ ПАРТИЯДАН ЧЫГАРТЫЛГАН УЛУУ ИНСАН
“Бир күнү мен иштеген кыргыз мамлекеттик медициналык институнун КПСС тарыхы кафедрасына бейтааныш бир киши телефон чалды. Ал киши: “Менин атам - Абдыкерим Сыдыковду реабилитациалоого жардам бериӊиз!”- деп суранды. Мен тактоо киргизүү ирээтинде Кыргызстандын компартия тарыхында “Эӊ кооптуу эл душманы” катары көрсөтүлгөн Абдыкерим Сыдыков жөнүндө сөз болуп жатабы деп сурадым. Ал “ооба” деп жооп кайтарганда, “бул такыр мүмкүн эмес, анткени сиздин атаӊыз компартиянын тарыхында кыргыз элинин эӊ коркунучтуу душманы катары көрсөтүлгөн”. Телефон чалган адам шашпай мындай дейт: “Ооба! Бирок сиз менин үйүмө келсеӊиз, атамдын документтерин көрсөтөөр элем. Алар сизди кызыктырат”. Мен макул болуп, анын үйүнө бардым. Ал жерде мен элестеткенден да чоӊ “табылгага” туш болдум. “Эл душманынын” уулу Эрк Сыдыков атасы Абдыкерим Сыдык уулунун өздүк документтерин жана сүрөттөрүн көрсөттү.”- дейт тарыхчы, юрист, саясатчы, профессор Зайнидин Курманов. Ушул окуядан кийин бул окумуштуунун Абдыкерим Сыдык уулунун өмүр баянына жана ишмердүүлүгүнө кызыгуусу артып, аны тереӊ изилдей баштайт. Ар кандай тоскоолдуктарга карабастан гезит беттерине макалаларды байма-бай жарыялап, жыйынтыгында бүтүндөй бир китеп да жазганга жетишет. Учурда бул илимпоз кыргыздын чыгаан уулунун ишмердүүлүгүн кеӊири изилдеп чыккан окумуштуулардын катарын толуктайт.
Өзүӊүздөр баамдагандай, бүгүнкү чыгарылышыбыз, төрт жолу партиядан чыгартылып кайра калыбына келтирилген, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн сап башында турган - Абдыкерим Сыдык уулу жөнүндө болмокчу.
Алиппенин атасы -Эшенаалы Арабай уулу
-Ал алтымыш жыл ичинде эли менен алты жолу жер которгон.
-77 жылдык өмүрүндө 10 жыл гана туруктуу тынч жашаган. (Түркияда 6 жыл, Ооганстанда 5-6 жыл.)
-Өлкө башчылары менен тең ата сүйлөшүп, эл аралык мамилелер боюнча күчтүү адис болгон. Ооган шахы сый көрсөткөн инсан болгон
-Дайыма динин бекем карманып, эркиндикти биринчи орунга койгон, Бир нече тил билген кыргыздын акыркы ханы
Рахманкул Жапаркул уулу!
ТАСМА КАСЫМ ТЫНЫСТАН УУЛУНУН 120-ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛАТ
*************************************************************
1991-жыл. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылы. Бишкек шаарынын өйдө жагында жайгашкан Чоң-Таш айылындагы казуу иштерин баары муң кайгы менен күтүп турушту. Ооба, бул 1938-жылы тоталитардык Совет режиминин жана диктатурасынын курмандыктары жашырылган жерди казуу иштери эле. Казууда эски кыш бышырган очоктун чуңкурунан 137 кишинин баш сөөктөрү чыгат. Негизи эле Кыргызстандагы репрессия темасы козголгондо жогорудагы 137 киши эске келет. Бирок бул 137 киши эң алгач ачыкка чыккан репрессия курмандардыктары гана болчу. Андан сырткары 20-жылдардан тээ 50-жылдар аралыгында жалпы жонунан 40 000 киши атып өлтүрүлүп, дайынсыз жерлерге көмүлгөн, жүз миңдегендери сүргүнгө айдалып, мекенине кайтпай калган. Балким атылгандардын саны мындан да көп деген божомолдор да бар, анткени Чоң-Таштагы казып алуу иштеринен кийин, орус атайын кызматтарынын тапшырмасы менен көптөгөн архивтик материалдар жокко чыккан. Бул шовинисттик режимдин урпактарын гана эмес, өзүбүздөн чыккан жана ошол атылган эр-азаматтардын артынан тоголок кат жазгандардын урпактарынын да түн уйкусун бузган.
Атылгандардын баары эле Совет режими атагандай “эл душманы” беле? Жок, курман болгондордун арасында карапайым дыйкандар,жөнөкөй соодагерлер, тоодо мал жайгандар жана студенттер эле. Бирок жогорудагы 1938-жылкы репрессиянын курмандарынын арасында болсо ошол доордун айдындары, кыргыздын мамлекеттик, саясий, маданий, коомдук жана илимий каймагы бар болчу. Тагыраак айтканда СССРдин чыныгы диктатуралык жүзүн көрө билген акылдуу, зирек, диндар, кулдук рухтан алыс болуп, кыргыз элинин абсолюттуу эгемендүүлүгүн, эркиндигин, теңдигин жана биримдигин эңсеген кыргыздын эр-азаматтары эле.
Кыңк этпей моюн сунган, кул мүнөз массага муктаж болгон СССР үчүн бул катмар кооптуу жагдай жараткан. Бул эркиндик абасын эңсегендердин катарында 20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик ж-а коомдук ишмерлер – Жусуп Абдрахман уулу, Ишеналы Арабай уулу, Баялы Исаке уулу, Төрөкул Айтмат уулу, Жээнбай уулу Хасан, Эркинбек Эсенаман уулу, Салих уулу Мурат, Султанкул Шамурза уулу, Абдыкерим Сыдык уулу, Абдыкадыр Орозбек уулу, Айдарбек уулу Иманаалы өңдүү кыргыздын чыгаандары бар эле. Ошол эле кезде булардын катарында дагы бир шейит орун алган. Кыргыз тили жана адабиятынын жол баштоочусу, кыргыз маданият искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, алгачкы кыргыз профессору – Касым Тыныстан уулу да бар эле. Ооба, бүгүнкү чыгарылышыбыз жери үчүн өз жанын берген Касым Тыныстанов тууралуу болмокчу.
Кыргыз тили
Кыргыз тарыхын Курманжан Даткасыз элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыздан чыккан чыгаан айалзаты дегенде эле көпчүлүктүн эсине эң алгач Курманжан Датка келээри анык. Өмүрү ар кандай легендаларга жана мифтерге, түрдүү уламыштарга ширелген бул инсандын өмүр таржымалына каналыбыздан орун берүүнү көптөн бери ниеттенип жүргөндүгүбүздүн себеби да мына ошондон. Аты Алайдан чыгып, далаайга жеткен, тагдыр жолу ары татаал, ары катаал өткөн бул инсандын басып өткөн жолун изилдөө сиз менен кошо бизге да кызык болду.Кудай буйруп, ушул чыгарылышыбызда “Алай Ханышасы”, “Журт энеси” атыккан Датка энебиз жөнүндөгү ролигибизге назар салыңыздар .