1916-жылкы кыргын | Документалдык тасма | Кыргызтелефильм 2016-ж

6 Views· 09/11/23
Орозмат Мирзабеков
0
In

⁣Элибиз өзүнүн көп жылдык тарыхында “жылдызы жанган учурларды” да, кан жуткурган оор күндөрдү да башынан өткөрдү. Кыргыз элинин тарыхындагы эң оор, кандуу жана эң аянычтуу учурлардын бири катары 1916-жылы болуп өткөн көтөрүлүштү айта кетсек болот. Колониалдык ак падыша башында турган Орусия режимине каршы чыккан бул көтөрүлүш өз максатына жете алган эмес. Сан жагынан бир кыйла аз, өтө жөнөкөй курал-жарак менен жабдыктанган эл, дүйнөлүк империя деп эсептелинген, саясий жана экономикалык жактан бир канча алдыга озунуп өнүккөн, аскер күчтөрү мыкты куралданган жана бир нече кылымдар бою согушуп, согуштук тактикаларды жакшы өздөштүргөн, ар кандай согуштук кырдаалдарга жедеп бышып калган чоң күч менен болгон кармашта бул көтөрүлүштүн максатына жетүүсү мүмкүн эмес эле. Көтөрүлгөн элди басуу үчүн жөнөтүлгөн жазалоочу отряд кыймылга катышкандардын көбүн кырып, кырылгандан калганы Кытайга качып барып, баш калкалоого аргасыз болгон. Бул кандуу окуя кыргыз элинин тарыхый эс-тутумунда “Үркүн” деген ат менен белгилүү. Бир кылымдан ашык убакыт өтсө да ушул күнгө чейин тарыхчылар тарабынан 1916-жылкы көтөрүлүшкө адилеттүү баа бериле элек. Айрымдар бул окуяны бунт, козголоң катары баалашса, кээ бир тарыхчылар бул окуяга улуттук-боштондук күрөш макамын берип келишет. Күнү келип бир канчалаган бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кеткен бул кандуу окуяга акыры татыктуу баа берилет деген терең ишеничтебиз.

Show more

 0 Comments sort   Sort By